Кытайда кооптуу аймак калган жок

Кытайда бүгүндөн тарта коронавирус боюнча эпидемиологиялык өтө кооптуу аймактар калбай, ооруп жаткандардын саны кескин азайды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.

 

Кытай бийлиги шаршемби жана бейшемби күндөрү өлкөдөгү мурда эпидемиологиялык жактан орточо кооптуу деп эсептелген 125 шаар жана провинцияларды кооптуулугу төмөнкү деңгээлде деп тапты.

 

«Бул жергиликтүү бийлик карантиндик чектөөлөрдү азайтып, өндүрүш ишканаларын жандантып, жашоону акырындык менен нугуна түшүрсө болот дегенди түшүндүрөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, коронавирус очогу болгон Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында COVID-19 менен ооруган адам калбаганы 26-апрель күнү айтылган.