Пермь университетинде болгон окуяда жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Россиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда

жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлады.

«Пермь аймагынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча,

2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде

болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргызстандын

жарандары жок». Эске салсак, бүгүн эртең менен Россиянын Пермь мамлекеттик изилдөө

университетинде студент имараттын ичиндегилерди аткылап, алты киши каза таап,

26сы жаракат алган. Ок чыгарган студент полиция кызматкери окуя болгон жерге

барганда аны көздөй бир нече ирет аткылаган. Тартип сакчысы куралчанды жарадар кылып,

мылтыгын колунан алгандан кийин биринчи жардам көрсөткөн.

Жыйынтыгында ок чыгарган студент кармалган.