Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, бүгүнкү күндө жаңы штамм үчүн ооруканалар жана лабораториялар толук даярдыкта.
Алсак, республикада жаңы технологиялар менен эки вирусологиялык лаборатория ачылды.
Мындан тышкары, дагы 8 лаборатория ачуу пландалууда. Министр белгилегендей, “омикрон” штаммын жуктурган учурлардын 70-75 пайызы кадимки сасык тумоого окшош болуп, салыштырмалуу жеңил өтөт.