Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөрүү линияларын куруу уланууда

Кыргызстанда CASA-1000 долбоорунун алкагында электр өткөрүү линияларын куруу уланууда. Улуттук электр станцияларынан билдиришкендей, бугүнкү күнгө карата иштердин 80 пайыздан ашыгы аткарылды.

 

Курулуштун активдүү фазасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына туура келет. Жумуштарга 150 атайын техника жана 200дөй адис тартылды.

 

Эске салсак,  CASA-1000 долбоору Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энерго тармактарын бириктирип, жайкысын электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк берет.