ПСЖда Килиан Мбаппенин ордун баса турган талапкерлер аталды

ПСЖда Килиан Мбаппенин ордун баса турган талапкерлер аталды. Клубдун жетекчилиги форварддын ордуна “Наполинин” чабуулчусу Виктор Осимхенди, “Ливерпулдун” оюнчусу Мохамед Салахты жана “Манчестер Ситинин” футболчусу Бернанду Силваны караштырууда.

 

Эске салсак, Килиан Мбаппе жайында ПСЖдан кете турганын жетекчиликке билдирди.  Алдын ала маалымат боюнча, ал мадриддик “Реалга” өтүшү мүмкүн.