Өлкөнүн башкы унаа жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы унаа жолдору кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош, Бишкек – Нарын – Торугарт, Талас – Тараз – Суусамыр, Ош – Сарыташ – Эркечтам жана башка трассаларда кар тазаланып, жолчулар тарабынан инерттүү материал себилүүдө.

 

Кооптуу тилкелерде нөөмөт жүргүзүлүп жатат. Тоолуу аймактарга сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочуларга этият болуп, жол эрежелерин так сактап, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.