Кыргызстандык Айнуска Калил кызы жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту.
Бул тууралуу Жеңил атлетика федерациясынан кабарлашты. Тегеранда өтүп жаткан мелдеште спортчу 1 миң 500 метр аралыкты 4 мүнөт 35 секундда чуркап өтүп, 2-орунду ээледи.
Аталган турнирге Кыргызстандан беш спортчу барган. Буга чейин ушундай эле дистанцияда чуркаган Нурсултан Кеңешбеков алтын медалдын ээси болгон.