ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе каржылык талаптарын жарыялады

ПСЖнын форварды Килиан Мбаппе каржылык талаптарын жарыялады. Анын шарттарын аткара турган клуб менен футболчу сүйлөшүүгө даяр. 25 жаштагы чабуулчу жылына 50 миллион евро айлык алгысы келет.

 

Андан тышкары, жазылуу бонусу 120 миллион еврону түзүшү керек. Азырынча Килианга бул талаптар менен бир дагы клуб байланышка чыга элек. Бирок франциялык оюнчунун башкы талапкери катары мадриддик “Реал” эсептелет.

 

Ошондой эле “Ливерпуль” клубунун кызыгуусу бар. Эске салсак, Мбаппенин ПСЖ менен келишими ушул жайда соңуна чыгат.