Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат

Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу “Электр станциялары” компаниясы маалымдайт.

 

Андан билдиришкендей, учурда ЖЭБдин жалпы активдүү кубаттуулугу 300 мегаватты түзүүдө. 9 отказан, 4 турбоагрегат иштеп жатат.

 

Бардык абоненттерге ысык суу, жылуулук берилди. Жарандардын кайрылуулары боюнча ыкчам бригадалар иштеп, маселени дароо чечүүдө, — дешти компаниядан.