Кыргызстанда кыздар кечирээк турмушка чыгып баштаганы байкалууда

Кыргызстанда кыздар кечирээк турмушка чыгып баштаганы байкалууда. Соңку 20 жылга карата анализди Улуттук статистика комитети жүргүздү.

 

Маалыматка ылайык, эгер 2001-жылы орто эсеп менен кыздардын турмуш куруу курагы 23 жашты түзсө, 20 жылдан кийин бул орточо көрсөткүч 27 жашты түзүүдө.

 

Өзгөчө мындай тенденция Бишкекте, Чүй, Ысык-Көл облустарында байкалган. Ал эми түштүк аймактарда кыздар орточо эсеп менен 21-23 жашта турмушка чыгат.