Референдумдун алкагында 28 мамлекетте 48 шайлоо участогу ачылат

Референдумдун алкагында 28 мамлекетте 48 шайлоо участогу ачылат. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар добуш бергиси келсе, сөзсүз түрдө консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматын тапшырышы керек.

 

Эске салсак, Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдум 11-апрелде өтөт.