Республикада акыркы айда картошканын баасы 5 сомго кымбаттады.
Мындай маалыматты улуттук статистика комитетинен беришти.
Картошка октябрдын башында орточо эсеп менен 30 сом болсо,
ноябрда 35 сомго көтөрүлдү. Барынан көп Караколдо – килограммы
12 сом 50 тыйынга жана Токтогулда 10 сомго кымбаттады. Анын
ортосунда барынан кымбат картошка Токтогулда – килограммы 40 сомдон
сатылып жатса, эң арзаны Чаек айылында – 25 сомго барабар.