Бишкекте ден-соолук сейил багы курулат

Бишкекте ден-соолук сейил багы курулат.

Мэриянын маалыматына ылайык, ал Айтматов проспектисинин боюнда,

мурдагы сүйүү багынын ордунда жайгашат. Сквердин жалпы аянты 10 гектарды түзөт.

Учурда “Бишке асфальт сервис” ишканасынын кызматкерлери тротуар жөөктөрүн,

отургучтарды жайгаштырууда. Ошондой эле ирригациялык тармактар орнотулуп,

асфальт жана таман таш салууга даярдык жүрүп жатат. Эс алуу жайын

көрктөндүрүү иштерине кийинки кезек “Бишкек жашыл чарба” ишканасына берилет.