Республиканын аймактары курчуп бара жаткан эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын аткарууда

Республиканын аймактары курчуп бара жаткан эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын аткарууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

 

Анын айтымында, облустар ооруканаларда гана эмес, жаңы ачылып жаткан стационарларда дагы кошумча орундарды түзүшүүдө. Ошондой эле, дарыгерлер препараттар жана жеке коргонуучу каражаттардын запасы менен камсыздалып жатат.