Кыргызстанда эмдөө акысыз жүргүзүлөт

Кыргызстанда эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, республикалык эмдөө борбору тарабынан үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жашыл коридорлор уюштурулган.

 

Эмдөөгө келгендердин дене табы аралыктан өлчөнүп, колдору антисептик менен тазаланган соң эмдөө бөлмөсүнө коё берилүүдө. Сасык тумоого вакцина биринчи кезекте медициналык кызматкерлерге, тубаса оорулуу жарандарга, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларына жана кош бойлуу аялдарга жасалат.