Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең кар массалары Бишкек – Ош, Мырз а-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу жана Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр унаа жолдорунда түшүшү күтүлөт.
Бул каттамдар менен сапарга чыккан айдоочуларга унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.