Жарым жылда Кыргызстанга келген чет өлкөлүктөрдүн саны эки эсе көбөйдү

Кыргызстанга келген чет элдиктердин саны эки эсе өстү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча ушул жылдын алты айында мамлекеттик чек араны 2,5 миллиондон ашык чет элдик жаран кесип өттү.

Анын 97 пайызы КМШнын, негизинен Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын жарандары.

Ал эми алыскы чет мамлекеттерге келсек, алардын саны 74 миңден ашты жана өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу дээрлик 2 эсеге өстү.

Алардын көбү Түркия, Германия, АКШ, Индия, Кытай, Монголия жана Сауд Арабиядан келген.