Росавиация «Вагнердин» башчысы Пригожин түшкөн учак кыйраганын билдирди

Россиянын Тверь облусундагы Бологовский районунда «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын жетекчиси Евгений Пригожин түшкөнү айтылган учак кырсыкка кабылды.

 

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында борттогу он адамдын бирөө дагы тирүү калган эмес. Росавиация Пригожин жүргүнчүлөрдүн арасында болгонун билдирди.

Бир катар Телеграм-каналдардын жазышынча, бортто «Вагнердин» командирлеринин бири Дмитрий Уткин да болгон.

Мекеме каза тапкан жети жүргүнчүнүн жана экипаждын үч мүчөсүнүн аты-жөнүн жарыялады. Пригожин менен Уткинден башка тизмеде Сергей Пропустин, Евгений Маркарян, Александр Тотьмин, Валерий Чекалов, Николай Матусеев жана экипаждын үч мүчөсү болгон. Валерий Чекалов Пригожиндин түзүмдөрүнүн биринин жетекчиси, бир катар медиа каражаттары ал «Ровер» деген каймана ат менен таанымал болгонун жазууда.

«База» кырсык болгон жерде 10 кишинин сөөгү табылганын билдирди. Алар катуу күйүп калгандыктан таанылган эмес.

Учак кулап бараткан учур видеого түшүп калганын «База» жана Mash Телеграм-каналдары жарыялады.

 

Пригожин бул учак менен «Вагнердин» козголоңунан кийин Беларуска учуп барган.

Учак кулаган жердин дагы бир видеосу жарыяланды.