Россия айрым мигранттарды кабыл алууну жөнөкөйлөтөт

Россия айрым мигранттарды кабыл алууну жөнөкөйлөтөт.

Өлкөнүн юристтер ассоциациясынын жетекчиси Владимир Груздев билдиргендей,

эми ири спорттук мелдештерди, түрдүү эл аралык фестиваль, көргөзмөлөрдү

уюштурган тараптарга чет өлкөнүн жарандарын чакыруу укугу берилет.

Мындай учурда мигранттардан иштөөгө уруксат кагазы талап кылынбайт.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Россияда ири масштабдагы

иш-чара өтсө мигранттар ишке тартылат.