Баткен облусунда билим берүү процессин толук кандуу жандантуу чечимин штаб кабыл алат

 

Баткен облусунда билим берүү процессин толук кандуу жандантуу чечимин штаб кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

 

Анын айтымында, аймакта 195 мектепте окуу токтотулган. Баткен жана Лейлек райондорунун айрым мектептеринде эвакуацияланган жарандар жайгаштырылган.

 

Алардын бардыгы үйлөрүнө кайткандан кийин мектептер иретке келтирилип, окуу процесси жанданат. Андан тышкары, айрым талкаланган билим берүү мекемелерин калыбына келтирүү зарыл, — деди Жусупбекова.