Баткенде Тажикстан менен чек арада жаңжал учурунда талкаланган мектептердин 3 корпусунун курулушу аяктады. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, объектилер Кызыл-Бел, Центральная жана Чурбек айылдарында жайгашат.
Бүгүнкү күнгө карата мектептерде зарыл жабдуулар жана керектүү эмерек орнотулду.
Объектилер окуу процессин баштоого толугу менен даяр.