Россияда Facebook социалдык тармагы “экстремисттик” деп табылды

Россияда Facebook социалдык тармагы “экстремисттик” деп табылды. Тиешелүү чечимди Москванын Тверь райондук соту чыгарды. Ага ылайык, Meta корпорациясы ээлик кылган Facebook менен Instagram тармактары Россияда толук бөгөттөлөт.

 

Сот чечиминин WhatsApp мессенжерине тиешеси жок. Белгилеп кетсек, аталган соцтармактарга буга чейин эле тыюу салынган, бирок айрымдар vpn системасы менен баракчалары менен колдонуп жаткан.