Кыргызстандын төрт облусунда үшүк жүрүп, абанын температурасы төмөндөйт.
Кыргызгидромет борборунан эскертишкендей, бүгун түндө Чүй облусунда -2 градуска жетсе,
Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында -4 градуска жеткен үшүк жүрөт. Мындай
аба-ырайынын шарттары жыйналбаган жашылча жемиштерге, казылып
алынып жабылбаган картошка жана кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.