«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту S7 авиакомпаниясынын «Новосибирск — Тамчы — Новосибирск»
багыты боюнча алгачкы чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат. Бул жолу аны менен 169 жүргүнчү учуп келди.