Ысык-Көл аэропорту Ташкенттен алгачкы учакты кабыл алды. “Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, Ташкент – Тамчы – Ташкент каттамы менен 40 жүргүнчү кыргыз берметинен жээгине келди.
Аталган багыт боюнча каттам жумасына бир ирет жекшемби күндөрү аткарылат. Учуу убактысы 1 саат 30 мүнөттү түзөт.