Россиянын Мамлекеттик думасы Кыргызстанда 9 мектептин курулушу жөнүндө макулдашууну ратификациялады.
“Интерфакс” жазгандай, документте орус тилинде билим берген мектептердин иш тартиби жана аларды түзүү шарттары бекитилген.
Эске салсак, 1-сентябрда Бишкек, Баткен жана Караколдогу мектептердин курулушуна капсула салынды. Жыл сайын үчтөн мекеме куруу пландалууда. Алгачкылары 2025-жылы колдонууга берилет.