Улгайган ата-энесин кароодон баш тарткан жарандарды жазалоо жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды

Улгайган ата-энесин кароодон баш тарткан жарандарды жазалоо жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеште биринчи окууда жактырылды. Документти жыйындагы депутаттар бир добуштан колдоду.

 

Ага ылайык, алимент төлөбөгөндөрдү 100 миң сомго чейин айыпка тартып же 1-2 жылга эркинен ажыратуу сунушталууда. Демилгечилердин айтымында, адатта карылар үйүндө жашагандар балдарына арыз жазуудан баш тартат.

 

Андыктан, мекемеге улгайган адам түшкөн учурда, карылар үйүнүн директору алимент чыгаруу максатында сотко кайрылууга милдеттендирилет.