Баткен тургундарынын 19 млн сомдон ашуун насыясы жоюлду

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан жапа чеккен Баткен жана Ош облустарынын тургундарынын 19 млн 75 миң сом насыясы жоюлду.

Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-ноябрга карата финансы-кредиттик уюмдарга 4 миң 433 карыз алуучу кайрылган, 19 миң 75 миң сом суммасында 274 кредит жоюлган, 27 миң 394 миң сом суммасында 122 кредит реструктуризацияланган.

«Учурда жабыркаган карыз алуучулардан түшкөн бардык арыздар каралып жатат жана банк мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт», — деп белгилейт Улуттук банк.