Садыр Жапаров иш сапар менен Нью-Йоркко келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Нью-Йорк шаарына (Америка Кошмо Штаттары) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия Мамлекеттеринин башчылары жана Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байдендин биринчи Саммитине катышат.

 

Мындан тышкары, Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

 

Ошондой эле президент Садыр Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.