Синоптиктер эскертет: 20-сентябрдан тарта күн сууктайт. Бүгүн Бишкекте асманды ала булуттар каптап турганы менен, аба табы +20…+24 градуста сакталат. Эртең дагы күн жылуу болот, бирок шамал болушу ыктымал.
Ал эми шаршембиде күндүз температура мамычалары 14 градустан жогорулабайт. Жаан жума күнгө чейин жаайт. Жаан-чачын ишембиде гана токтойт, — дешти синоптиктер.