Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат

Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жолго чыга турган айдоочуларга дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат. Унаа жана жолдор министрлигинен такташкандай, бүгүн түндө республика аймагында жаан, ал эми тоо этектеринде кар жаайт.

 

Туруксуз аба-ырайы ашууларда жол кыймылын татаалдантып, тыгындарды жана авариялык абалды жаратышы мүмкүн. Андыктан, айдоочулар этият болуп, жол эрежесин так сактап жүрүшү керек.