Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда Санкт-Петербургга учат

Өлкө башчы Садыр Жапаров эртең, 28-декабрда, Россиянын
Санкт-Петербург шаарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Жапаров КМШ мамлекеттеринин жетекчилеринин формалдуу эмес жолугушуусуна катышат.
Иш-чарага Беларусь президенти Александр Лукашенконун, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин, Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин, Россиянын президенти Владимир Путиндин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин катышуусу күтүлүүдө.