Караколдо курулуп жаткан ПЦР-лаборатория жакынкы аралыкта пайдаланууга берилет.
Райондор аралык санэпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришкендей,
учурда иштер 95 пайызга аткарылды. Жаңы лабораторияда иштөө үчүн 3 вирусолог
атайын окутуудан өттү. Курулушка дээрлик 15 миллион сом багытталды.
Эми 4 миллион сомго медициналык жабдуулар сатып алынат.