Бишкек кайрадан кар алдында калды

Бишкек кайрадан кар алдында калды. Синоптиктер буга чейин болжолдогон кар экинчи күн токтобой жаап жатат. Ордо калаа көчөлөрүндө кар күрткүлөр пайда болуп, тыгындар жаралууда.

 

Жолчулар, “Тазалыктын” кызматкерлери түндөн бери тынбай иштеп жатат. Учурда шаар көчөлөрүн 40 атайын техника кардан арылтууда. Инерттүү материалдар жетиштүү, — дешти “Тазалыктан”.