Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасы 220 ИВЛ аппаратына муктаж

Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасы 220 ИВЛ аппаратына муктаж.

Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирет.

Анын айтымында, учурда өлкөдө жалпы 572 ИВЛ аппарат бар. Март айынан баштап гуманитардык

жардам катары өлкөгө 23 аппарат, 130 дем алууну көзөмөлдөөчү жабдуу жана өпкөнү жасалма

түрүндө дем алдыруучу 5 прибор жеткирилген. Учурда 63 ИВЛ аппаратын сатып алууга тендер өткөрүлдү.

Медициналык каражаттар менен камсыздоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.