Чек арадагы чырда тажикстандык чек арачы каза болгону кабарланды

“Азаттыкка”  тажик кызматы 14-июндагы эртең менен болгон кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 26 жаштагы Тажикстандын чек арачысы каза болгонун жазды.

 

Атын атагысы келбеген булак каза болгон чек арачы Жайхун районунун тургуну экенин, сөөгү Тажикстандын Исфара районундагы ооруканалардын биринде турганын кабарлаган. Тажик бийлиги азырынча ок атышуу тууралуу комментарий бере элек.

 

Кыргызстандын чек ара кызматы Баткен районунун Булак-Башы аймагында 14-июнь күнү таңга жуук ок атылганы тууралуу маалымат тараткан.

 

“14-июнь эртең менен саат 6:50-7:00дө Булак-Башы аймагында тажик чек арачылары биринчи ок аткан. Ага жооп ирети кыргыз чек арачылары асманга ок чыгарган».

Кыргызстандын чек ара кызматы 07:50дө тажик тарап гранатомет жана миномет менен кайра атып, саат 8:10дө атышуу токтогонун, абал кооптуу экенин билдирген.

3-июнда ушул эле Булак-Башы аймагында кыргыз-тажик чек арачылары атышып, Кыргызстандын эки жоокери жараат алган. Кыргыз тарап Тажикстандын чек арачылары Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөнүн кабарлаган. Тажик тарап окуя үчүн кыргыз чек арачыларын айыптап, алар жактан бир жоокер жараат алганын маалымдаган болчу.

Булак-Башы айылы Тажикстандын Кыргызстандагы Ворух анклавы менен чектешкен аймакта жайгашкан.