Сауд Аравия кичи ажылыкка зыяратты токтотту

Сауд Аравия кичи ажылыкка зыяратты токтотту.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Мындан сырткары, коронавирустун жаңы түрү жайылган өлкөлөрдүн

жарандарына да аталган мамлекетке кирүүгө тыюу салынды.

Акыркы маалымат боюнча, дүйнөдө вирустан 3 миңге жакын адам каза таап,

жуктургандардын саны 81 миңден ашты, ал эми 29 миңден ашыгы

айыгып чыкканы белгилүү болду.