Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы расмий каттоодон өттү

Бишкекте Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы (мурдагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борбору — ред.) юстиция органдарынан кайра каттоодон өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Медициналык жайдын башкы дарыгери Памир Муратовдун айтымында, ушуну менен юридикалык маселелер чечилди.
«Кийинки кадам жаңы бөлүмдөрдү ачуу. Мисалы, биринчилерден болуп кардиология жана неврология бөлүмдөрү ишке киришет. Учурда каржылоо маселеси Саламаттык сактоо министрлиги менен чечилүүдө. Жакында оорукана толук кандуу штаттык режимде иштей баштайт», — деди ал.
Эске салсак, февралдын башында Саламаттык сактоо министрлиги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүлөрүн билдирген. Анын алкагында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабековду иштен алып, ордуна директордун милдетин аткаруучу кылып Гулия Кожакматованы дайындаган. Бирок кийинчерээк министрлик буйрукка өзгөртүү киргизип, оорукананы директордун ордуна башкы дарыгер башкарат деген чечим чыгарган.
14-февраль күнү ат