Жалпы республикалык тестирлөөгө абитуриенттер текшерүүдөн өткөндөн кийин киргизилет

Жалпы республикалык тестирлөөгө абитуриенттер текшерүүдөн өткөндөн кийин киргизилет. Сынакка алып кирүүгө тыюу салынган буюмдар тууралуу  Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева айтып берет.

 

Тыюу салынган нерселер бул албетте телефон, калькулятор, кандай болбосун, электрондук каражаттар. Андан тышкары, наушники деген нерселер. Камера, шпаргалкалар, кагаз түрүндөгү маалыматтын булактары – китеп, дептер, пособие, конспект дегендердин бардыгы тест учурунда абитуриенттин жанында болбошу керек

 

Эске салсак, жалпы республикалык тестирлөө быйыл 23-майда башталып,  28-майга чейин уланат.