Бишкекте унаа оңдоочу жайдагы өрттө жабыркаган адамдын абалы канааттандыраарлык

Бишкекте унаа оңдоочу жайдагы өрттө жабыркаган адамдын абалы канааттандыраарлык. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен 26 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, шаардык ооруканага жеткирилген.

 

Эске салсак, кечээ Күрөңкеев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа оңдоочу жайда тилсиз жоо чыкты. Аны басууга 5 бөлүм тартылган. 1 адам жабыркап, 5 унаа күйүп кетти.