Шотландияда аукциондо дүйнөдөгү эң кымбат кой сатылды

Шотландияда аукциондо дүйнөдөгү эң кымбат кой сатылды. Анын баасы – 490,5 миң доллар, — деп билдирди Индепендед басылмасы. Белгилүү болгондой, кой тексель түрүнө кирет.

 

Бул Улуу Британиядагы эң популярдуу кой болуп эсептелет. Ал мыкты сапаттагы эти менен бааланат. Койдун баштапкы баасы 14 миң долларды түзгөн.