Шри-Ланка 10 айлык бөгөт чараларынан кийин туристтерге чек арасын ачты.
Жергиликтүү басылмалар билдиришкендей, аралдын эки эл аралык аба майданынын иши жанданды.
Алар коммерциялык каттамдарды тейлейт. Өлкөгө кирүү үчүн саякаттоочу COVID-19 жок экенин
тастыктаган тесттин жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Чет элдик туристтер жергиликтүү
жашоочулардан алыс жайгашкан, атайын тазалоодон өткөн 55 мейманканага жайгаштырылат.
Эс алуучулар туристтик аймактын чегинен чыгууга уруксаат берилбейт.