Швейцариянын Ольтен шаарында өзгөчө жаан жаады

Швейцариянын Ольтен шаарында өзгөчө жаан жаады. Бир нече күндөн бери асмандан какао түшүп жатат. Какао-жаанды алгач унаа ээлери байкашкан. Машинелер күрөң майда бүртүкчөлөргө толуп калган.

 

Мунун себеби – жергиликтүү кондитер фабрикасындагы вентиляция системасынын иштен чыгышы. Фирмадан белгилешкендей, какао-жаандын зыяны жок, ал эми булганган унааларды жууганга акча бөлүнөт.