Билим берүү министрлиги студенттер үчүн китептер булагы болгон портал ачуу ниетинде

Билим берүү министрлиги студенттер үчүн китептер булагы болгон портал ачуу ниетинде. Ведомство жетекчисинин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, тажрыйбалуу академиктер, окумуштуулар жана жогорку окуу жайлардын мугалимдери өз материалдарын жүктөй алат.

 

Алар студенттерге кошумча окуу куралы болот. Портал жакынкы күндөрү колдонууга берилет.