Сокулукта райондук милициянын тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

Сокулук РИИБинин тергөөчүсү жана ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин атайын кызматка А.Ж. аттуу жаран кайрылып, сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан Сокулук РИИБинин кызматкерлерине чара көрүүнү өтүнүп арыз жазган.

 

«2022-жылдын апрель айынын башында Сокулук РИИБине А.Ж. аттуу жаранга карата уурулук фактысы боюнча арыз келип түшкөн. Аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамынын жок экендиги аныкталган. Бирок Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып, 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.

 

28-апрелде Бишкектеги Учкун кичи районунда ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБинин тергөөчүсү, милициянын лейтенанты М.Э. 10 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалган.

 

Учурда кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кызматкерлерге карата бул мыйзамсыз иштерди жасоого канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө«, — деп жазылат маалыматта.