Стационарларда айрым жарандар акысыз дарыланат

Стационарларда айрым жарандар акысыз дарыланат.

Тагыраагы, коронавирус менен ооруган бейтаптарды, белгисиз пневмонияны,

ПЦР тесттин жыйынтыгы менен  вируска шектүү адамдарды, аларга байланышкандарды жана

чет өлкөлүк жарандардын ооруканаларда дарыланышы акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Андан такташкандай, дарылоо процедураларына сарпталчу каражат фонддун эсебинен жабылат.