Төө-Ашуудагы туннелде асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады

Төө-Ашуудагы туннелде асфальт төшөө иштери мөөнөтүнөн мурда аяктады. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Тилек Текебаев билдирди. Анын айтымында, эми жол чийиндерин түшүрүү иштери аткарылат.

 

Болжол менен 2-август, күндүзгү саат 4төн кийин  унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр алынат, — деди чиновник. Эске салсак, июндун башынан бери Бишкек – Ош жолундагы Көлбаев туннелин калыбына келтирүү иштери аткарылып, кыймылга чектөөлөр киргизилип жатат.