Бишкекте 8-октябрда жалпы ишембилик өтөт.
Шаардык мэрия бардык калаа тургундарын, чарба жүргүзүүчү субъекттерди республикалык ишембиликке катышууга чакырат.
Эске салсак, иш-чара буга чейин 17-сентябрга белгиленген.
Бирок кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу токтотулган.