“Түндүк электр” ишканасы 31-январдан тарта Бишкектеги 2 миң 200дөн ашык абоненттин электр энергиясын өчүрөт

“Түндүк электр” ишканасы 31-январдан тарта Бишкектеги 2 миң 200дөн ашык абоненттин электр энергиясын өчүрөт. Мунун себеби дебитордук карыздар менен байланыштуу. Компаниянын маалыматы боюнча, борбордогу керектөөчүлөрдүн жалпы дебитордук карызы 12 миллион сомдон ашат.

 

Бөлүштүрүүчү компаниядан белгилешкендей, электр энергиясы жок калбаш үчүн жарандар болгон карыздарын тез арада төлөшү керек.