Кыргызстанда былтыр 100дөн ашык коомдук-маданий имарат салынды. Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашкандай, анын 85и жаңы тургузулса, 24ү капиталдык оңдоодон өттү.
Алардын арасында мектеп, бала-бакча, спорттук, маданий жайлар жана административдик имараттар бар.